Калкты каттоого даярдыктар дээрлик аягына чыгып калды

Калкты каттоого даярдыктар дээрлик аягына чыгып калды. Бизге Улуттук статистика комитетинен билдиришкендей, эртең каттоону жүргүзө турган операторлорду окутуунун акыркы этабы старт алат. Кийинки жумада чалуу борборлорунун номерлери жарыяланат.

 

Ага жарандар калкты каттоо процесси боюнча суроолору менен кайрылат алат. Эске салсак, Кыргызстан калкын жана турак-жай фондун каттоо кийинки жумада – 25-мартта старт алып, 3-апрелге чейин созулат.