Аз камсыздалган үй-бүлөлөргө мамлекет тарабынан грант берүү долбоору эми өлкөнүн бардык аймактарында ишке ашат

Аз камсыздалган үй-бүлөлөргө мамлекет тарабынан грант берүү долбоору эми өлкөнүн бардык аймактарында ишке ашат.

 

Эмгек жана социалдык камсыздандыруу министрлигинин маалыматына ылайык, программанын алкагында жакыр үй-бүлөлөргө чакан ишкерлик үчүн мамлекет тарабынан 100 миң сомдук грант берилет.

 

Белгилеп кетсек, учурда долбоор сыноо иретинде Нарындын Жумгал районунда жана Баткендин Кадамжай районунда ийгиликтүү иштеп жатат. Анын катышуучулары акырындап жакырчылыктан чыгып келе жатканын министрликтен белгилешти.