Калкты каттоонун алгачкы жыйынтыгы июль-август айларында белгилүү болот

Калкты каттоонун алгачкы жыйынтыгы июль-август айларында белгилүү болот. Бул тууралуу Novosti.kgге Улуттук статистика комитетинен билдиришти. Андан такташкандай, учурда адистер чогултулган маалыматты иштеп чыгууда.

 

Ал эми өнөктүктүн расмий жыйынтыгы ушул жылдын аягына чейин чыгарылат. Эске салсак, Кыргызстан калкын жана турак-жай фондун каттоонун негизги этабы  24-марттан  3-апрелге чейин өттү. Андан кийин алыскы райондордордун тургундары каттоого алынды.