Америкалык машина куруучу компания Кыргызстанга 50 миллион доллар бөлүп берет

Америкалык машина куруучу компания Кыргызстанга 50 миллион доллар бөлүп берет. Бул каражатка айыл-чарба техникасын жаңыртуу пландалууда. Айыл-чарба министрлигинин маалыматына ылайык, учурда колдонулуп жаткан жабдуулардын эскилиги жетти.

 

Мындай техника түшүм чогултуу процессине дагы терс таасирин тийгизет. Америкалык компания өлкөгө каражатты кандай шартта бере турганы азырынча белгисиз.