Кыргызстанда CASA-1000 долбоорунун алкагында электр өткөрүү линияларын куруу уланууда. Улуттук электр тармактары компаниясынын маалыматына ылайык, бүгүнкү күнгө карата иштердин 60 пайыздан ашыгы аткарылды.
Курулуштун активдүү фазасы Жалал-Абад, Ош жана Баткен облустарына туура келет. Долбоорго 150 атайын техника жана 200дөй адис тартылды.