Калкты тейлөө борборлору кечки саат 10го чейин иштейт

Калкты тейлөө борборлору кечки саат 10го чейин иштейт. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматынан билдиришти. Учурда Бишкек жана Ош шаарларындагы борборлорду сыноо режиминде жаңы иш тартибине өткөрүү иштери жүрүп жатат.

 

Анын алкагында ордо калаадагы Жибек Жолу 381 дарегиндеги жана Оштогу №1 калкты тейлөө борборлору кечки саат 10го дейре иштейт.

 

Андан кийин жаңычылдыктын натыйжалуулугуна баа берилет.