Бишкекте бүгүнтөн тартып такси кызматтары ишке кирди

Бишкекте бүгүнтөн тартып такси кызматтары ишке кирди.

Мэриянын маалыматында, эми шаар тургундары санитардык эрежелерди

сактап каттамга чыга алышат. Айдоочу жана жүргүнчү бет кап жана мээлей

тагынуусу зарыл. Ар бир айдоочу күнүнө үч ирет унаанын салонун дезинфекциялап,

гигиеналык каражаттары болушу шарт. Ошондой эле бир учурда машинеде

бир жаш бала менен экиден ашык жүргүнчү болбошу керек. Такси айдоочусу

унааны май куйуучу жайынан башка жерлерге айдай албайт.