Камбар-Ата-1 ГЭСинин курулушу июнь-июль айларында башталат

Камбар-Ата-1 ГЭСинин курулушу июнь-июль айларында башталат. Бул тууралуу Энергетика министри Доскул Бекмурзаев билдирди. Анын айтымында, бул акыркы 30-40 жылдагы эң ири долбоор.

 

Ошондой эле анын суу сактагычында  5 миллиард кубометр суу топтоого мүмкүн болуп, суу тартыштыгы көйгөйү чечилет. Эске  салсак, Камбар-Ата – 1 ГЭСи Жалал-Абад облусунда жайгашат. Анын курулушуна дээрлик 500 миллион доллар бөлүнөт.