Жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы июндун экинчи жарымында жарыяланат.
Бул тууралуу novosti.kgге Билимди баалоо жана окутуу усулдары борборунун директору Чынар Батракеева билдирди. Анын айтымында, эгер абитуриенттер майда тест тапшырса, 20-июндарга чейин колдоруна жыйынтыгы менен сертификаттарды алып калышат. Эске салсак, учурда жалпы республикалык тестирлөөгө каттоо жүрүүдө. Ал 6-апрелге чейин созулат.