Кара-Кече көмүр кенине карай салынган убактылуу жол коопсуздук чараларына жооп бербейт

Кара-Кече көмүр кенине карай салынган убактылуу жол коопсуздук чараларына жооп бербейт. Бул тууралуу “Кыргызкөмүр” мамлекеттик ишканасынын башчысы Канатбек Ашырбаев билдирди.

 

Ал белгилегендей, анда унаа кыймылы үчүн кооптуу тилкелер бар. Өзгөчө кышкысын бул чукул окуяларга алып келиши мүмкүн. Ал эми кенде абал туруктуу. Көмүр казуу иштери уланууда. Жеринде бардык атайын техника иштеп, кара отунду калкка жеткирүү үзгүлтүккө учураган жок.