Мырзаке — Кара-Кулжа — Алайкуу унаа жолу кыймылга жабык.
Бул тууралуу Унаа жана жол министрлигинен novosti.kg ге билдиришти.
Маалыматка караганда, Ош облусунун Кара-Кулжа районунда аталган тилкенин
85-чакырымына көлөмү 6 миң куб метр кар массасы түштү. Учурда аталган тилкеде атайын
техника жана жолчулар карды тазалоо иштерин жүргүзүүдө.
Ал эми өлкө аймагындагы башка трассалар кыймылга ачык, — дешти министрликтен.