Бишкекте  коменданттык сааттын убактысы өзгөрдү

Бишкекте  коменданттык сааттын убактысы өзгөрдү. Ордо калаа ички иштер башкармалыгынын маалыматына ылайык, эми өзгөчө абалдын убагында коменданттык саат түнкү 10дон, таңкы 5ке чейин киргизилет.

 

Коменданттык саат шаар турмушун иретке келтирүүгө салым кошуп жаткан мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерди эсепке албаганда бардык жарандарга жана жарандыгы жок адамдарга тийшелүү.

 

Учурда Бишкек шаардык комендантынын атайын буйругу даярдалууда.