Баткен районунун Сары-Талаа айылынын көчөсү оңдолуп жатат.
“Турмуш” басылмасы билдиргендей, учурда тилкенин 1 чакырымына асфальт төшөлүүдө.
Буга чейин айылдын ички жолунда катмар жок болчу.
Ремонттоло турчу жолдун узундугу 1 чакырым 300 метрди түзөт.
Ага республикалык бюджеттен 5,5 миллион сом каралды.