Кара-Кече кенинен көмүр казуу иштери 10 күндөн кийин жанданат

Кара-Кече кенинен көмүр казуу иштери 10 күндөн кийин жанданат.

Бул тууралуу «Кыргыз көмүр» мамлекеттик ишканасынан билдиришти.

Эске салсак, буга чейин карьерди тазалоо иштерине жана көмүр казыла

турчу жаңы жерлерди чалгындоого байланыштуу кара отунду казуу

иштери токтотулган. Анын ортосунда компаниядан белгилешкендей,

кара отун менен Бишкек ЖЭБин камсыздоо үзүлтүккө учурабайт.