Россияда Кыргызстандын дагы эки башкы консулдугу пайда болот.
Мындай маалыматты тышкы иштер министрлигинен тастыкташты.
Учурда аталган мекемелерди Санкт-Петербург жана Казанда ачуу
маселеси каралууда. Эске салсак, бүгүнкү күндө биздин өлкөнүн
эки башкы консулдугу бар. Алар Екатеринбург жана
Новосибирскиде жайгашкан.