Россияга бара турган кыргызстандыктар ПЦР анализдин таза жыйынтыгын көрсөтүшү керек. Бул тууралуу биздин өлкөнүн Россиядагы элчилигинен билдиришти.
Андан белгилешкендей, бүгүнтөн тарта эки өлкө ортосундагы аба каттамдар жанданды. Рейстер жумасына 2 ирет аткарылат. Тестти жүргүнчү Россиянын аймагына киргенге чейинки үч күндүн аралыгында тапшырышы зарыл. Анын жыйынтыгы таза болгон учурда гана аталган мамлекетке кирүүгө уруксат берилет.