Кыргызстанда 4 миңге жакын үй-бүлө кооптуу аймактан көчүрүлүшү керек

Кыргызстанда 3859 үй-бүлө кооптуу аймакта жашагандыктан, ал жерден көчүп кетүү зарылдыгы эскертилген. Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев билдиргенин мекеменин басма кызматы маалымдады. Анын айтымында, 2488 үй-бүлөгө казынадан кайтарымсыз негизде каражат жана жер тилкеси бөлүнгөн. Бирок, ал үй-бүлөлөр азыркы күнгө чейин жашап жатышат.

 

Министр кооптуу аймакта жашагандарга канча суммада каражат берилгенин тактаган жок.

 

“2488 үй-бүлөгө мамлекет кайтарымсыз негизде каражат жана жер тилкесин бөлүп берген. Ага карабастан, жарандарыбыз бүгүнкү күнгө чейин ошол жакта күн кечирүүдө. Буга ал мекендештерибиз өзүлөрүнүн үй-жайын, ата-бабасы мекендеген ата-конушун таштап кеткиси келбегендигин айтып, кайдыгерлик кылууда. Министрлик жаңырган жылдан тартып, ушундай кооптуу аймактарды кыдырып жергиликтүү элге түшүндүрүү иштерин жеткиликтүү жүргүзүп, аларды коопсуз жайга көчүрүү аракетин баштайт”, — деди.

 

Кыргызстанда жай айларында сел кырсыгы ондон ашык адамдын өмүрүн алды. Суу нугунан ашып жолду, эгин талааларын, каналдар, көпүрөлөр жарактан чыкты. Бийлик кооптуу аймактарда жашап жаткандарды көчүрүү боюнча жергиликтүү бийликке тапшырмалар берилгенин билдирген.