Кара-Кечеде көчкү басып калган жерди айланып өтүүчү жаңы жол курула баштады

Кара-Кечеде көчкү басып калган жерди айланып өтүүчү жаңы жол курула баштады. Унаа жана жолдор министрлигинен билдиришкендей, атайы комиссия көчкү жүргөн жерди тазалоо мүмкүн эмес экенин аныктады. Иштери бүгүн башталды.

 

Тилкенин бир тарабын курууга болжол менен эки жума керектелет. Курулушка атайы оор техникалар тартылды. Эске салсак, 14-сентябрда Жумгал районунда тоо көчтү. Дыйкан айылынын Кара-Кече көмүр кенине барчу жолдун 37-чакырымы тозулуп калган.

 

Министрликтин алгачкы маалыматына караганда, көчкүнүн көлөмү 2 миллион кубометрди түзөт. Ал жолдун 600 метрден ашык аралыгын жаап калган.