«Газпром» ишканасы карызын өз убагында төлөбөгөн керектөөчүлөргө туум чегерет

«Газпром» ишканасы карызын өз убагында төлөбөгөн керектөөчүлөргө туум чегерет. Компаниядан билдиришкендей, эми мыйзамга ылайык, карыздарды сот аркылуу төлөтүү мүмкүн. Мындан улам керектөөчүлөргө карыздарды кечиктирбей төлөө сунушталат.

 

Төлөмдөрдү накталайсыз түрдө терминал, мобилдик капчык, коммерциялык банк жана «Кыргыз почтасы» мамлекеттик мекемесинин бөлүмдөрү аркылуу жүргүзсө болот.