Бишкекте эс алуу бактарын куруу уланууда

Бишкекте эс алуу бактарын куруу уланууда. Мэриядан билдиришкендей,   10 гектарды ээлеген “Балалык” багында инженердик жана электр тармактары өткөрүлүп, фонтандар курулду.

 

Ал эми “Ынтымак” багында тротуарларга, жолчолорго, спорттук аянттарга жер даярдалууда. Манас проспектиси менен Боталиев көчөсүнүн кесилишинде орун алган эс алуу багында бордюрлар жана ирришациялык тармак орнотулуп, ал дээрлик даяр болуп калды.

 

Кыргызстан жана Азербайжан достугунун эс алуу багында амфитеатр, балдар аянтчасы, бассейн жайгашат.