Бишкекте түнкү стационарлардын иш убактысы өзгөрдү. Мэриянын маалыматына ылайык, эми алар кечки саат 9дан эмес, 8ден эртең мененки 8ге чейин иштейт. Ал эми күндүзгү стационарлардын иш убактысы өзгөргөн жок – эртең мененки саат 8ден, кечки 8ге чейин.
Муниципалитеттен белгилешкендей, ордо калаада ошондой эле Жал кичи районундагы №95 мектептин базасында дарылоо түйүнү ачылды.
Дагы бир стационар жакында Кара-Жыгач конушунда ачылат.