Каркыра жайлоосунда жааган кардын кесепетинен 300 мал өлдү

Ысык-Көлдөгү Каркыра жайлоосунда 300 мал-жандык өлдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен маалымдашат.
Белгилүү болгондой, 28-30-майда кар жаап, анын кесепетинен Түп районунун алыскы жайлоолорундагы малчылардын мал-жандыктарына зыян келтирилди. Зыянды аныктоо үчүн ӨКМнын Түп райондук бөлүмүнөн 1 офицер жана комиссиянын мүчөлөрү тартылды.
«Алар Каркыра жайлоосундагы малчылардын абалын кабар алууга чыгышкан. Анда карлар эрип, жолдор ачылганы, чабандарга кошумча тоют (чөп) керек эместиги жана болжол менен 230 баш кой, эчки, 30 жылкы кулуну менен, 40 бодо мал өлгөнүн такташты», — дешет маалымат кызматынан.
Кошумча маалымат такталууда.