Чүй облусунун айрым райондорунда дагы сел жүрдү

Чүй облусунун айрым райондорунда дагы сел жүрдү.

 

Президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, нөшөрлөп жааган жаандан кийин сел Онбир-Жылга, Жаңы-Жол жана Ак-Бешим айылдарында жүрүп, Бурана дарыясынын жээктерин суу жеп кетти. Калк арасында жабыркагандар жок. Учурда аймакта абал көзөмөл алдында. Табигый кырсыктын кесепетин жоюу иштери жүрүүдө.

 

Эске салсак, 2 күндөн бери сел Ош, Жалал-Абад жана Талас облустарынын айрым аймактарында жүрүп, өзгөчө кырдаал режими киргизилди.