Ошто чагылган тийген улан ооруканада көз жумду

Ош облусунун Кара-Суу районунда 17 жаштагы улан чагылган тийип көз жумганын өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Урматбек Шамырканов билдирди.

 

Кырсык 21-апрель күнү кечинде болгон. Баш-Булак айылында 17 жаштагы жергиликтүү тургунга талаадан чагылган тийип, Ош облустук ооруканага жеткирилген. Тилекке каршы, ал ошол эле күнү жандандыруу бөлүмүнөн үзүлгөн.