Ош облусунда суу каптаган короо-жайлардын саны 100гө жетти

Ош облусунда суу каптаган короо-жайлардын саны 100гө жетти. Президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, нөшөрлөгөн жаандан кийин Кара-Кулжа, Алай, Ноокат жана Кара-Суу райондорунда сел жүргөн.

 

Жыйынтыгында 10 унааны суу агызып, 1 адам каза тапты. Облуста өзгөчө кырдаал режими жарыяланып, жеринде куткаруучулар тарабынан калыбына келтирүү иштери жүрүп жатат. Жалал-Абад облусунда 45 короону жана 4 үйдү суу каптады.

 

Ал эми Баткен облусунда селди алдын алуу, каналдарды, дарыяларды бекемдөө иштери жүрүп жатат.