Кыргызстанга Россиянын Сургут шаарына алгачкы жолу аба каттамы кое берилет

Кыргызстанга Россиянын Сургут шаарына алгачкы жолу аба каттамы кое берилет. Россиялык авиакомпаниялардын бири аталган калаадан “Манас” аэропортуна эртең, 4-июндан тарта каттамдарын аткарып баштайт.

 

Рейстер жумасына бир жолу, ишемби күндөрү жүргүзүлөт. Келечекте учактардын саны көбөйтүлөт деп пландалууда.