Кыргыз мусулмандарынын аалымдар кеңеши коронавирустун пандемиялык деңгээлге жеткендигине байланыштуу 13-мартта бир катар чектөөлөрдү кабыл алды. Бул тууралуу Муфтияттын басма сөз кызматынан кабарлашты.
Аалымдар кеңешинин VI чакырылышынын чукул жыйыны өтүп, коронавирустун күч алганына байланыштуу санитардык-эпидемиологиялык чараларды көрүү жана алдын алуу максатында диний, маданий жана башка массалык иш-чараларды өткөрүүгө убактылуу чектөө киргизүү жөнүндө төмөнкүчө чечимдер кабыл алынды:
1. Мечиттерде жана башка жайларда диний, маданий өңүттөгү массалык иш-чараларга, окуу ийримдерине, жыйындарга, семинарларга убактылуу чектөө киргизилсин;
2. Жума намазга чейинки баяндарга убактылуу чектөө киргизилсин, зикир жана дубалар убактылуу кыска окулсун;
3. Даават иштери боюнча тиешелүү чектөөлөр киргизилип, түшүндүрүү иштери жүргүзүлсүн;
4. Сыркоологон адамдарга жана ден соолугу начар карыяларга мечитке келбей туруу сунушталсын;
5. Мечиттер жана диний окуу жайлар тез-тез дезинфекциялоодон өткөрүлсүн;
6. Мечиттин ичинде жана сыртында кол алышып саламдашуу, кучакташып учурашуу учурдагы кырдаалдан улам кооптуу экендиги эскертилсин;
7. Ачык жана жабык типтеги диний окуу жайларда окугандарды каникулга чыгаруу өлкөдөгү жалпы абалга жараша ишке ашырылсын.
Эскертүү: Кырдаалга жараша чечимдер да өзгөрүшү мүмкүн. Кооптуу абал жоюлган соң убактылуу чектөөлөр алынып салынат.