Быйыл Кыргызстанда майрамдык айт намаз борбордук аянттарда эмес, мечиттерде окулат

Быйыл Кыргызстанда майрамдык айт намаз борбордук аянттарда эмес, мечиттерде окулат. Мусулмандардын дин башкармалыгынан билдиришкендей, мындай чечим акыркы убакта дүйнөдө болуп жаткан кырдаалга байланыштуу элдин коопсуздугун эске алуу менен кабыл алынды.

 

Эске салсак, Кыргызстанда эртең Орозо айт майрамы белгиленет. Орозо айт Рамазан айынын аякташын билдирет.