Битир садаганы орзо аяктаганга чейин берүү керек.
Бул тууралуу Мусулмандардын дин башкармалыгынан эскертишти. орозо айында берилүүчү зекет 1 адамга 1 килограмм 600 грамм буудайдын баасына барабар.
Бул базар баасы менен алганда бир адамга 50 сомдон эсептелет. Буудайдан тышкары ун, мейиз, арпа, курманын баасы менен берсе болот. Белгилеп кетсек, битир-садаганы мусулмандар өз каалоосу менен гана мечиттерге же муктаж адамдарга бере алат.