Катуу суукка байланыштуу уюштурулган Бишкектеги убактылуу жылынуучу чатырларга 400дөн ашуун киши кайрылды

Катуу суукка байланыштуу уюштурулган Бишкектеги убактылуу жылынуучу чатырларга 400дөн ашуун киши кайрылды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.

 

Бишкекте ичине меш коюлуп, ысык чай берген жалпы он чатыр тигилген.

 

Ага көчөдө суукта үшүгөн жарандар кирип жылына алат. Белгилеп кетсек, 9-январдан бери өлкөдө суук күчүнө кирип, Бишкекте абанын температурасы күндүз -15, түнкүсүн -20 градустан төмөн болууда. Унаа жана жолдор министрлиги зарыл иш болбосо айдоочуларга тоолуу аймактарга жолго чыкпай турууну сунуштайт.