Нарын шаарына коомдук транспорт тармагын өнүктүрүү максатында 4 троллейбус жеткирилди. Калаа муниципалитетинен билдиришкендей, Бишкек мэриясынан транспортту алууга 500 миң сом сарпталды.
Каражат жергиликтүү бюджеттен бөлүнгөн. Нарын шаардык транспорт башкармалыгынын базасына жеткирилген троллейбустар каттамдарга бүгүн чыкты.