Бишкек – Ош унаа жолунда кар көчкүлөрдү атайын атып түшүрүү иштери жүргүзүлөт.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, иштер трассанын 198-225-чакырым
аралыгында 19 жана 20-февралда тагыраагы, жума жана ишемби күндөрү аткарылат.
Андан улам бул күндөрү аталган каттамга чыккан унаалар тиешелүү тилкелерден гана өтүшү керек.