200 миң кыргызстандык президенттик шайлоолордо добуш бере албайт

200 миң кыргызстандык президенттик шайлоолордо добуш бере албайт. Себеби – форма-2 жоюлганында. Бул тууралуу 24 агенттигине БШК мүчөсү Кайрат Осмоналиев билдирди.

 

Анын айтымында, бул форма менен эми шайлоо күнү чет мамлекетте жүргөн кыргызстандыктар гана добуш бере алат. Эске салсак, мөөнөткө чейинки президенттик шайлоолор 10-январда өтөт.

 

Бүгүнкү күндө өлкөнүн башкы постуна 48 талапкер болууда.