Казакстан «Камбар-Ата — 1» ГЭСин курууга катышуусу күтүлүүдө.
Бул тууралуу “Азаттык” казак президентинин расмий сайтына таянып жазды.
Маалыматка ылайык, Касым-Жомарт Токаев бүгүн Садыр Жапаров менен жолугушууда инвестициялык кызматташуу боюнча келечектүү долбоорлордун тизмесин түзүүнү сунуштады.
Эске салсак, буга чейин Энергетика министри Доскул Бекмурзаев «Камбар-Ата-1» ГЭСинин курулуш жакынкы күндөрү башталат деп билдирген. Аталган ГЭС курулса, кошумча 1000 МВт электр энергиясы берилип,
Кыргызстандын энергетикалык көз карандысыздыгын камсыздай турганы айтылып келет.