Парламенттик шайлоонун катышуучулары күрөө акысын 18-октябрь, кечки саат 6га чейин төгүшү керек. Бул тууралуу БШКдан билдиришти.
Андан такташкандай, партиялардын күрөө акысы 1 миллион сомду түзсө, бир мандаттуу талапкерлер 100 миң сомдон бериши керек.
Андан тышкары, партиялар жана округдарда талапкерлигин жылдыргандар атайын эсептерди ачып, шайлоо фонддорун түзүшү керек. Муну каттоодон кийин 5 күндүн ичинде жасоо зарыл. Эске салсак, Жогорку Кеңешке шайлоо 28-ноябрда өтөт.