Казакстан Кыргызстанга 1 миң автобус экспорттойт

Казакстан Кыргызстанга 1 миң автобус экспорттойт.

Бул тууралуу казак өкмөтүнүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Кыргызстанга лизингдин шарттары менен электр

энергиясы, көгүлтүр от жана дизелдик отун менен жүрө турган «Yutong»

маркасындагы автобустар жеткирилет. Техникаларды экспорттоо

2022-жылы ишке ашат. Буга чейин эки өлкөнүн өкүлдөрү ортосунда

Казакстандан автобус алуу боюнча меморандумга кол коюлду.