Социалдык фонд банк ачып, калкка арзан насыя берүүнү пландап жатат

Социалдык фонд банк ачып, калкка арзан насыя берүүнү пландап жатат.

Бул тууралуу фонддун төрагасы Бактияр Алиев билдирди. Анын айтымында,

бүгүнкү күндө коммерциялык банктар фонддон 10 пайыз менен каражат алып жатат.

Андан кийин алар элге 25-30 пайыз менен насыя берүүдө. Банк ачылып калса

кардарларга 8-10 пайыздык насыя жеткиликтүү болот. Алиев белгилегендей,

учурда демилге министрлер кабинетине сунушталууда.