Казакстан Кыргызстанга аскердик техника берүү ниетинде

Казакстан Кыргызстанга аскердик техника берүү ниетинде.

Акысыз көрсөтүлө турган жардам боюнча өкмөттөр аралык макулдашууну

ратификациялоо жөнүндө мыйзам долбоор талкууга чыгарылды.

Документ президент Садыр Жапаров марттын башында коңшу өлкөгө болго

н иш сапарынын алкагында кабыл алынган. Аскердик жардам калибрлүү

6 миллиондон ашык окту, реактивдүү снарядды, түстүү патрондорду,

ракетаны ишке киргизүүчү комплексти жана антенналык коммутаторду камтыйт.