Бүгүнтөн тарта салык органдары түн ортосуна чейин иштейт

Бүгүнтөн тарта 30-апрелге чейин салык органдары түн ортосуна дейре иштейт.

 

Мамлекеттик салык кызматы билдиргендей, иштөө убактысын узартуу чечими салык декларациясын кабыл алуу боюнча натыйжалуу өнөктүк жүргүзүү үчүн кабыл алынды. Ага ылайык, документтер иш күндөрү жана дем алышта эртең мененки саат 9дан түнкү 12ге чейин кабыл алынат.

 

Эске салсак, 1-майга дейре өткөн жылга кирешеси боюнча отчетту жеке ишкерлер, физикалык жактар, дыйкандар, мамлекеттин үлүшү бар ишканалардын кызматкерлери жана жыл ичинде 300 миң сомдон жогору суммага мүлк сатып алган жарандар тапшырууга милдеттүү.