Казакстан сегиз аймагында жүк ташуучу унааларга киргизилген убактылуу чектөөнү алып салды

Казакстан сегиз аймагында жүк ташуучу унааларга киргизилген убактылуу чектөөнү алып салды. Жергиликтүү ММКлар жазгандай, 15-августтан тарта Акмоло, Актөбө, Чыгыш Казакстан, Батыш Казакстан, Түндүк Казакстан, Караганда, Костанай жана Павлодар облустарындагы чектөөлөр алынды.

 

Ал эми Алматы, Атырау, Жамбыл, Кызылордо, Түштүк Казакстан жана Мангистау облустарындагы чектөө 31-августта аяктайт. Чектөөнүн негизги себеби — абанын температурасы 25 градустан жогору болгон кезде асфальт төшөлгөн жолду сактоо.