Ошто жолдорду жууп, тазалай турган төрт атайын техника сатылып алынды

Ошто жолдорду жууп, тазалай турган төрт атайын техника сатылып алынды. Түштүк калаа мэриясынан билдиришкендей, бир эле учурда жолду өзү шыпырып, жууп кете турган техника колдонууга бүгүн берилди.

 

Алардын ошондой эле, кышында кар күрөп, кум-туз чача турган дагы өзгөчөлүктөрү бар. Бүгүнкү күндө “Ош-Тазалык” ишканасында атайын техника  жетишсиз. Андыктан муктаждыктарын толуктоо жана жаңылоо мезгилдин талабы, — деди мэр Таалайбек Сарыбашов.