Казакстанда коронавирустун британиялык жана түштүк африкалык штаммы аныкталды

Казакстанда коронавирустун британиялык жана түштүк африкалык штаммы аныкталганын

Алматы шаарынын башкы санитардык дарыгери, Санэпидкөзөмөл департаментинин жетекчиси

Жандарбек Бекшин билдирди. Бул тууралуу Sputnik Казакстанжазды.

«Бүгүнкү күндө Алматы «кызыл» зонада. Быйыл шаарда коронавируска кабылган 12 800 учур катталды.

Мутацияланган штаммдын циркуляциясынан улам оору жугузгандардын саны көп болууда.

Акыркы иликтөөлөрдүн жыйынтыгы чыгып, коронавирустун британиялык жана түштүк африкалык

штаммдарына мүнөздүү мутациялар аныкталды», — деди Бекшин.

Ал жаңы штаммдардын жугуштуулугу мурунку базалык көрсөткүчтөргө салыштырмалуу 70 пайызга жогору экенин белгилеген.

«Башкача айтканда, бул инфекция тез жайылат. Дал ушул көрсөткүчтөн улам акыркы убакта оору илештиргендердин саны көп болууда», — деди дарыгер.

Эскерте кетсек, коңшу өлкөдө акыркы күндөрү коронавируска кабылгандардын саны кескин өсүп кетти. Өткөн суткада эле вирусту 1 500дөн ашуун адам илештирип алган.