Бишкекте мыйзамсыз орнотулган объектилерди түрттүрүү иштери уланууда

Бишкекте мыйзамсыз орнотулган объектилерди түрттүрүү иштери уланууда.

Иштерди жер пайдалануу башкармалыгынын жана “Тазалык” ишканасынын

кызматкерлери жүргүзүүдө. Бул ирет Асаналиев жана Гагарин көчөлөрүндөгү

жарнама конструкциялары алынды. Андан тышкары, Тыналиев көчөсүндөгү унаа токтотмо жана

Термечиков – Гагарин көчөлөр кесилишиндеги муниципалдык аймак бошотулду.

Мыйзамсыз объектилерди алуу иштери уланат