Индонезияда кооптуулугу боюнча экинчи даражадагы жанар тоо атылды

Индонезияда кооптуулугу боюнча экинчи даражадагы жанар тоо атылды.

Жергиликтүү бийликтен билдиришкендей, атырылган түтүн 4 чакырымга чейин жетет.

Андан улам, Левотоло жанар тоосунун айланасындагы айылдарда жайгашкан 3,5 миңге

жакын тургун турак жайларын таштап кетүүгө аргасыз болду. Бирок табият кырсыгынан

жабыркагандар тууралуу маалымат жок. Белгилеп кетсек, Индонезияда дээрлик 130 активдүү вулкан бар.

Жанар тоолордун саны боюнча аталган өлкө 3-орунда турат.