Казакстандын бир облусу толугу менен карантинге алынды

Коронавирустун жайылышына байланыштуу Казакстандын Чыгыш Казакстан облусу толугу менен карантинге алынды. Бул тууралуу коңшу өлкөнүн маалымат каражаттары жазып чыгышты.

 

Анда айтылгандай, карантин 15-апрелге чейин киргизилген. Аймакка кирип-чыккандарды көзөмөлдөө үчүн 10 санитардык пост орнотулат. Буйрукту Чыгыш Казакстан облусунун санитардык дарыгери Канат Турдиев кабыл алганы айтылды.

 

Өзгөчө кырдаал айрым категориядагы адамдардан сырткары (туруктуу жашаган жерине кайтып келген жарандар, медициналык багыттамасы барлар, дарыгерлер жана укук коргоо органдарынын кызматкерлери жана башкалар) бардык жарандарга тиешелүү. Ушул категорияларды кошпогондо жарандар санитардык посттордон чыгуу жана кирүү үчүн шаардын, райондун жергиликтүү аткаруу органдарынан уруксат алышы керек.