Республиканын тоолуу райондорунда кар көчкү түшүү коркунучу сакталууда.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына ылайык, 5-апрелге чейин Бишкек – Ош, Ала-Бука – Жаңы-Базар-Кировка, Красная Горка – Ак-Таш, Мырзаке – Кара-Кулжа – Алайкуу, Бишкек – Нарын – Торугарт, Ош – Сары-Таш жана Каракол – Эңилчек унаа жолдорунда түшүшү мүмкүн.
Аталган каттамдар менен сапарга чыккан айдоочулар унаалар ортосундагы тиешелүү 500 метрлик аралыкты сактоосу кажет.