Казакстанда куюн үйлөрдүн чатырларын алып кетти

Казакстандын Түркестан облусунда куюн бир нече үйдүн чатырын алып кетти. Бул тууралуу казак басылмалары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, окуя Аккойлы айылында болгон. Жабыркагандар жок.

 

«Ылдамдыгы секундасына 20 метрге жеткен шамал 17 үйдүн чатырын алып кеткен. Буга чейин 5-майда, Түркестан облусунда катуу шамал күтүлүп жаткандыгы тууралуу Казгидромет маалымат тараткан», — деп жазылат маалыматта.