Казакстандын борборун кайрадан Астана деп атоо сунушталууда

Казакстандын борборун кайрадан Астана деп атоо сунушталууда.

Бул тууралуу Tengrinews.kz жазды.

“Адамдын көзү тирүүсүндө шаар анын аты менен аталып калганын, анын үстүнө эл борбордун жаңы атын кабыл албай койгонун туура эмес деп эсептейбиз.

Ошондуктан, бир убакта биринчи президент тарабынан сунушталган борбордун мурдагы атын – Астананы кайтарып алуу тарыхый жактан адилеттүү болот”, — деп айтылат билдирүүдө.

Эске салсак, Казакстандын борбору 2019-жылы өлкөнүн азыркы президенти Касым-Жомарт Токаевдин демилгеси менен Нур-Султан болуп өзгөртүлгөн.