Элдияр Калдарбеков “Кыргызалтындын” төрагасы болуп дайындалды

Эльдияр Калдарбеков “Кыргызалтын” ачык акционердик коомунун башкармалыгынын жаңы төрагасы болуп дайындалды.

Ишкананын басма сөз кызматынан кабарлашкандай, Кубанычбек Турдукожоев, Кубанычбек Рисбаев жана Бекмурза Өмүралиев төраганын орун басарлары болуп дайындалды.

Эске салсак, буга чейин “Кыргызалтын” ААКсынын башкармалыгы толук курамда отставкага кеткен.