Казакстандын премьер-министри болуп кайрадан Аскар Мамин дайындалды.
Тиешелүү жарлыкка Президент Касым-Жомарт Токаев кол койду. Маминди дайындоодо
99 депутаттын 78 макул деп добуш берсе, 21и каршы болду. Эске салсак, Казакстандыктар
10-январда жаңы депутаттарды шайлашты. Коңшу өлкөнүн мыйзамына ылайык,
парламенттик шайлоодон кийин министрлер кабинети отставкага кеткен.
Ал эми Аскар Мамин 2019-жылдын февраль айында кызматка дайындалган.